Байдендин президент катары алгачкы чет элдик сапары башталат

АКШ президенти Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Англияга 9-июндун кечинде барат. Бул анын Кошмо Штаттардын президенти катары алгачкы эл аралык сапары.

10-июнда Байден Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон менен жолугушат. Буга чейин Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан эки лидер телефон аркылуу «жылуу» сүйлөшкөнүн билдирген.

Салливан 7-июндагы брифингде кошумчалагандай, Британия менен АКШнын бир катар маселелерде көз караштары төп келет. Маалымдалгандай, эки мамлекет коронавирус пандемиясына каршы күрөштө, климаттын өзгөрүшү боюнча көйгөйдү чечүүдө жана «Чоң жетинин» саммитинин күн тартибине кирген бардык маселелер боюнча кызматташа алышат.

«Чоң жетинин» жыйыны 11-июнда Корнуоллда башталат.

Сапар 16-июнда Женевада Орусиянын президенти Владимир Путин менен алгачкы көзмө-көз жолугушуусу менен аяктайт. Эки лидер Вашингтон менен Москванын ортосундагы алакалар чыңалып турган маалда кездешкени жатат.

Дагы караңыз

Жапаров менен Эрдоган Анкарада жолугушту (видео)Ооганстанда миналарды тазалаган уюмдун он кызматкери өлтүрүлдүАКШ Альцгеймер оорусуна каршы алгачкы дарыны каттадыРейтер: француз президентин жаакка чапкан адам кармалды (видео)