8-июнда Баткен районундагы көмүр шахталарынын бири урап, бир киши каза болуп, дагы бири жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге 11 куткаруучу барган. Алар шахтадан каза болгон 20 жаштагы жигиттин сөөгүн чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.
Баткен облусу боюнча көмүр казууга 215 лицензия берилген. Учурда анын 65инен көмүр казылат. 2019-жылы облуста көмүр шахталарындагы кырсыктардан улам 10 адам каза болгон. (MiK)
Дагы караңыз
Чүйдө шамал үч мектептин чатырын учуруп кеттиCOVID-19: Сузакта райондук төрөт үйү карантинге алындыБеш айда эки миллиард сомго ашык салык жыйналдыПрезидент Жапаров Түркияга расмий сапар менен жөнөп кеттиТихановская Бакиевдин Минскиде жүргөнү тууралуу комментарий берди