COVID-19: Сузакта райондук төрөт үйү карантинге алынды

Сузак райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү

Жалал-Абаддын Сузак райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү анда 6-июнда көз жарган келин коронавируска шек саналгандыктан карантинге алынды.

Бейтапкананын башкы дарыгери Азизбек Жолдошев райондогу кош бойлуу келиндер облустук төрөт үйүнө жөнөтүлүп жатканын билдирди.

COVID-19га шек саналган келин жана аны менен байланышта болгондор обочолонууга алынды.

Жалал-Абад облусунда коронавируска чалдыккандар жазында башка аймактарга салыштырмалуу аз катталган. Июндун башынан бери күнүгө 20-30дун тегерегинде бейтап аныкталууда.

Июндун алгачкы аптасында эле Кыргызстанда үч миңден ашуун адамга коронавирус жукканы расмий аныкталды. Алтымыштай бейтап көз жумду.

Өлкөдө COVID-19 илдети 2020-жылдын мартында катталып, андан бери 107 миңден ашуун адам ооруга чалдыкты. Алардын беш миңдейи медиктер.

Расмий эсепте жалпы ооругандардын 1900гө жакыны каза болду. (TB)

Дагы караңыз

Беш айда эки миллиард сомго ашык салык жыйналдыПрезидент Жапаров Түркияга расмий сапар менен жөнөп кеттиАрхитектура агенттигинин жетекчиси алмаштыӨзбекстан Самаркандекке мектеп курмай болду Дүйнөлүк банк: экономикада өсүш күтүлүп жатат