Турдубаев күтүүсүз кызматтан алынды

Кубанычбек Турдубаев

Бир ай мурун куралган Министрлер кабинетинде дагы кадрдык өзгөрүү болду.

Президент Садыр Жапаров 8-июнда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди күтүүсүз кызматтан алып, анын ордуна орун басары Доскул Бекмурзаев дайындады.

Турдубаев өкмөттүн иштегенине бир ай өтпөй кызматтан кеткен төртүнчү министр болуп калды.

Жапаровдун соңку чечими тууралуу анын администрациясы түшүндүрмө тараткан жок. Бул чечим Кубанычбек Турдубаев жана министрликтин жамааты үчүн күтүүсүз болгондой. Мекеменин атын атагысы келбеген кызматкери жамаат кадрдык дайындоого аң-таң болуп турганын жашырган жок.

“Азаттык” Кубанычбек Турдубаев менен байланышкан учурда комментарий берүүнү каалаган жок. Мурдагы министр башка кызмат сунушталбаганын, азырынча “кадрлар резервинде” болорун айтуу менен гана чектелди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Тариф көтөрүлбөсө энергетика кыйрайт”

Министрдин иштен кетүү ою болбогонун бир күн мурда, 7-июнда өткөн ири иш-чарадан деле билсе болот. Энергетика министрлиги уюштурган “Кыргызстандын энергетикасы, кечээкиси, бүгүнү жана эртеңи” деп аталган форумда Турдубаев өзүнүн пландары тууралуу кеңири баяндама жасаган эле.

Анда Турдубаев энергетика тармагын реформа кылуу максаты бар экенин билдирген:

"Кескин реформалардын мезгили келди. Энергетика тармагын ыксыз башкарууга жана жемкорлукка чекит коюлуш керек. Анткени Кыргызстандын энергетика тармагы өлкөнүн экономикасында негизги, ал тургай чечүүчү ролду ойнойт".

Ал Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкө жетекчилиги энергетика тармагындагы коррупцияга тиешеси болгонун белгилеген. Бул көрүнүш менен күрөшүүгө мезгил жеткенин кошумчалаган.

49 жаштагы Кубанычбек Турдубаев энергетика министри кызматына ушул жылдын февраль айында дайындалган эле. Ал эмгек жолун жөнөкөй электриктен башталган жана соңку 25 жыл бою ушул тармакта эмгектенген. 2014-2015-жылдары энергетика министри катары иштеп, кийин бул министрлик жоюлган соң кызматтан кеткен.

Экинчи жолу кызматка келгенде бул тармак оор абалда экенин белгилеп, тарифтик саясат баштаган бир катар өзгөртүү керектигин айтып келген.

Ал саясий чөйрөдө Садыр Жапаровдун командасындагы тажрыйбалуу жана жакын адамдардын бир катары сыпатталып жаткан.

Дагы караңыз Электр баасы: бийлик ким канча төлөрүн аныктады

Коомдук ишмер Мусуркул Кабылбеков Турдубаевдин соңку форумдагы сөзү жөнүндө "энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин сөзү таасирлентти десем айтсам ашыкча болбойт. Ал тармактык министрликтин тажатма сөзү эмес, стратегиялык деңгээлде ой жүгүрткөн мамлекеттик ишмердин программалык билдирүүсү болду”-деп жазган эле.

Министрлер кабинетиндеги кадрдык жүрүш социалдык тармактарда талкууга түштү. Айрым ишенимдүү булактар Турдубаевди кызматтан алууга энергетика тармагындагы көп каражат жумшалган тендерге байланыштуу таасирдүү күчтөр менен пикири эки ача чыкканы себеп болгонун айтышууда. Бирок бул боюнча тастыкталган маалымат жок. "Мамлекеттик сатып алуулар" сайтында бул тармактагы жакынкы тендер Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу боюнча тендер экенин көрүүгө болот.

Туруксуз өкмөт, жоопкерсиз бийлик

Кубанычбек Турдубаев соңку апталардагы кызматтан кеткен алгачкы өкмөт мүчөсү эмес. Кыргызстанда 5-майда президенттик башкарууга ыктаган Конституция күчүнө кирген. Ушул эле күнү жаңы Баш мыйзамга ылайык, Министрлер кабинети түзүлүп, ишин баштаган. Кыргызстандын президенттик башкарууга өткөрүүдөгү Садыр Жапаровдун башкы жүйөлөрүнүн бири туруктуу бийлик системасын түзүү, ырааттуу кадрдык саясат жүргүзүү болгон.

Бирок Турдубаев өкмөттүн ишке киргенине бир ай өтпөй кызматтан кеткен төртүнчү министр болуп калды.

Дагы караңыз Эки апта иштеген министр эки айга камалды

Алгач Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Санариптик трансформация министри Азамат Дыйканбаев пара алууга шек саналып камакка алынып, анын ордуна Дастан Догоев дайындалды. Андан бир апта өтпөй биринчи вице-премьер Артем Новиков башка кызматка которулуп, Айбек Жунушалиев ордун басты.

Өткөн аптада болсо Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун дагы бир орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кызматын алмаштырып, ордуна Акылбек Жапаров келди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин пикиринде, акыркы кадрдык жүрүштөр Садыр Жапаровдун бийлигинин ойлонбогон кадамдарынан кабар берерин билдирүүдө:

Жанар Акаев

“Азыркы бийлик кадр саясатын өтө жоопкерсиз, жеңил-желпи мамиле кылууда. Анткени, министрлерди кызматка коер алдында булар текшеришпейби, териштирбейби. Бирөөнү кызматка коюп бир ай өтпөй камап коет, экинчисин кызматтан алып коет. Мунун кесепети оор болот. Мисалы, Кубанычбек Турдубаевди сунуштаганда энергетиканы азыркы кризистен чыгарып, жолун таба турган бирден-бир мыкты менеджер катары сыпатталган. Азыркы өкмөттө көзгө басар эки-үч эле министр болсо, анын бири Турдубаев болчу. Эми аны да кызматтан алып, мурда-кийин өзгөчөлөнбөгөн бирөөнү дайындаганы азыркы бийликтин тажрыйбасы жок экени, мамлекеттик түзүлүштөн кабары жок экенин көрсөтөт. Буга чейин парламенттик башкарууда туруктуулук болбойт, кадрлар тез-тез алмашат деп жатышты эле. Президенттик башкаруу орногондон бери ого бетер ашмалтайы чыгып жатат".

Баса, пара алууга шектелип кызматтан бошотулуп, камалган Азамат Дыйканбаев да президентке ачык кайрылуу жолдоп, "Коопсуз шаар-2" долбоору боюнча келишимди жогорку жак каалагандай узартпай койгону үчүн камакка алынган жүйө келтирген. Дыйканбаевдин жазганына караганда, келишимди узартууну суранып Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттин Эрнис аттуу жардамчысы ага телефон чалган. Бирок кытайлык компания кепилдик акчаны төкпөгөнү үчүн келишим узартылган эмес.

Бирок 8-июнда президенттин аппараты Дыйканбаевдин кайрылуусуна жооп кайтарып, анын айыптоосун четке какты.

Жаңы келген министр ким?

48 жаштагы Доскул Бекмурзаев март айынан тартып энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп иштеп келген. Таласта туулуп өскөн Бекмурзаев 2001-жылдан тарта энергетика тармагында эмгектенген. Ал Таласта электр ишканаларында ар кыл кызматтарды, “Ош электро” ишканасынын жетекчиси, “Түндүк электро” ишканасында жооптуу кызматтарды ээлеген. Ал 2013-жылдан тарта эмгек, миграция министринин кеңешчиси болуп орношуп, кийинчерээк министрдин орун басарлыгын аркалаган.

Доскул Бекмурзаев солдо

2015-жылы “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

2020-жылы сентябрда “Түндүк электронун” жетекчилигине дайындалып, бир ай өтпөй Октябрь окуяларынан соң бул жумуштан алынган эле. Бул учурда ишкананын айрым кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына акция уюштуруп, Бекмурзаевди жумуштан алынышына наарызылыгын билдирген.

Доскул Бекмурзаев “Азаттыкка” берген кыска комментарийинде учурда оор акыбалда турган энергетика тармагына абдан чоң реформаларды убада кылды:

“Кудай буюрса, энергетика тармагында кардиналдуу реформалар болот. Эл каалап, самагандай реформаларды ишке ашырабыз. Кыска мөөнөттүн ичинде электр энергиясына тарифтик саясат боюнча эл күткөндөй өзгөрүүлөр болот”.

Жаңы министр кандай реформаларды кантип ишке ашырарын тактаган жок.

Дагы караңыз Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты

Борбор Азияда суунун башында жайгашкан Кыргызстанда энергетика стратегиялык потенциалы бар тармак саналганы менен кризисте турат. Өлкө эгемендик алгандан бери убада кылынган ГЭСтер курулбай, бул тармактагы жабдыктар эскирип бүттү. Буга кошумча Токтогул суу сактагычына акыркы жылдары суу аз топтолгондуктан электр тартыштыгы сезилип жатат.

Өлкөнүн Коопсуздук кеңеши энергетика тармагын коррупциялашкан тармак деп таап, техникалык жана финансылык жоготуулардын эсебинен бюджетке миллиондогон каражаттар түшпөй жатканы айтылган.

Ошондой эле электр энергиясынын тариф саясатынын да башы ачылбай турат. Былтыр элдик толкундоонун шары менен бийликке келген Садыр Жапаров шарты катаал аймактарга тарифти арзандатууну убада кылган.

Бирок апрелде президент электр энергиясына тариф саясатын сунуш кылган. Анда аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр жарыгынын баасы азыркыдан эки эсе кымбаттайт.

Дагы караңыз Электр энергия: президент жаңы тариф сунуштады

Жаңы тариф саясаты августка чейин коомдук талкууга коюлуп, чечим кабыл ала турганы айтылган. Бул коомчулукта нааразылык жараткан.

Өлкө эгемендик алган жылдары чет өлкөлөр жана эл аралык финансы институттарынан алынган насыялардын көпчүлүгү энергетика тармагына жумшалган. Бул тармакка соңку 30 жыл ичинде 1,5 миллиард долларга жакын насыя жана грант алынган. Каражатка Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясы, Кемин подстанциясы курулуп, Токтогул ГЭСи, Бишкек ЖЭБи сыяктуу обьекттер оңдолууда. Бирок бул каражаттар канчалык натыйжалуу пайдаланды деген суроо утур-утур көтөрүлүп, коррупциялык жаңжалдардан улам Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери баш болгон бир нече жетекчи камакка алынган.