Бишкекте изделип жаткан 11 жашар кыз табылды

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 11 жаштагы Айтурган Садыкова 8-июнда Бишкек шаарындагы батыш автобекетинин аймагынан табылды. Милиция кызды ата-энесине берип, тийиштүү профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат.

Айтурган Сыдыкова 6-июнда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Арзы айылынан чоң атасыныкына барам деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын атасы Рустам Момунов "Азаттыкка" билдирген.

Кыздын жоголгону тууралуу ата-энеси Кочкордогу милицияга кайрылышкан. Күч кызматкерлери Кочкордун автобекетиндеги видеокамералардан кыз Бишкекке карай бараткан кичи автобуска түшүп кетишкенин аныкташкан. (MiK)

Дагы караңыз

ДССУ бай өлкөлөрдү вакцинаны тең бөлүштүрүүгө чакырды Муфтият жума намазды мечиттерде окууга уруксат бердиЖурналист Айдай Токоева көчөдө ыдык көргөнү үчүн милицияга арыз жазды Айрым кыргыз футболчулары Мьянма менен беттештен четтетилдиКылмыш топторго каршы операцияда жүздөгөн киши кармалды