Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктунан тышкары жерден жарандарды мыйзамсыз өткөрүү боюнча туруктуу канал түзгөндөрдү кармаганын кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунун Манас районунун үч тургуну чек араны көзөмөл пунктунан тышкары жерден жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө акча каражаттарын алып өткөрүү боюнча туруктуу канал түзүп алышканы аныкталган.
Шектүүлөр УКМКнын жана чек ара тозотунун кызматкерлери тарабынан кармалган.
Аталган факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 43-берене (Кылмышка кошо катышуу) боюнча иш козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кошумча кароо үчүн сотко жөнөтүлдү. (MKt)
Дагы караңыз
Коронавирус Кыргызстанда 107 медкызматкердин өмүрүн алды"Стратегиялык чечимдер" фонду кодекстер боюнча президентке кайрылдыСыдыков: Чукул кадамдарга барбаса, энергетика кыйроо алдындаКоронавирустан бир күндө жети киши каза болду