Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турган кези. 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү.

Ал учурда Бишкектеги "Бикард" жеке менчик бейтапканасында дарыланууда. Аталган медициналык мекемеден кабарлашкандай, Абылгазиев жүрөк -кан тамыр ооруларын дарылап жатат.

УКМК бул маалыматка комментарий бере элек.

Абылгазиев 26-январда кармалган. Ал коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналууда. Майдын соңунда сот аны камактагы мөөнөтүн 26-июлга чейин узарткан.

Буга чейин жемкорлукка жана мыйзамсыз баюуга шек саналган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов жана парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев да "Бикард" ооруканасында дарыланып чыгышкан. (SE)

Дагы караңыз

Токтогазиева: Кайрылуудан майнап чыкса, чоң прецедент жарататБакиевдин дачасы кароосуз туратКамактагы Азамат Дыйканбаев президентке кат жолдодуӨзбекстан-Тажикстан темир жол курууга бел байладыAmazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос космоско учатТүркүн-түстүү Он-Адыр