Мамлекеттик бажы кызматын Самат Исабеков жетектейт

Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ал 7-июнда мекеменин жамаатына тааныштырылды.

Расмий маалыматта Исабеков 1996-жылдан бери бажы органдарында, ар кандай ыкчам кызматтарда иштегени айтылат. Кызматты мурда Кадыржан Семетеев жетектеген.

2020-жылы Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээлин аныктаган изилдөөсүндө Бажы кызматы "эң коррупциялашкан мекеме" деп табылган.

Дагы караңыз

MH17 каттамындагы кыйраган учактын соту башталдыКара-Кулжа: Асылбек Жээнбековду колдоо митинги уландыСадыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары 9-июнда башталатОрусия: мигранттар өз акчасына эмделет Азамат Болгонбаев Чүй облустук драма театрына директор болду