Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары 9-июнда башталат

Коллаж. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-11-июнь күндөрү Түркияда расмий иш сапары менен болот. Анын алкагында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган жетекчилер менен жолугат. Ошондой эле эки өлкөнүн Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт.

Андан сырткары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында маселелер талкууланат,, бизнес форум болот. Бул тууралуу 7-июнда расмий кабарланды.

Жапаровдун сапары теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инандынын дайынсыз жоголгон учуруна туш келди.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Ал Түркияда террорчу деп таанылгандыктан, жарандык коомдо "анын жоголушуна Анкаранын колу бар" деген божомолдор айтылууда. Түркия буга комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Жоголгон Инанды, жоопсуз алты күн““Гүлен фактору” кыргыз-түрк алакасына таасир этпейт"Чек ара: Түркия кыйраган үйлөрдү курууга көмөктөшүүдө