Судьялар кеңеши жүрүм-туруму талкууга алынган Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунушун президентке берди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
7-июнда президент Садыр Жапаров катышкан сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп иш бөлмөсүнө кире албай жаткан аткаминердин видеосу көрсөтүлгөн.
Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова тасмадагы адам Чүй облустук сотунун төрагасы экенин айткан.
Президент Жапаров тасмадагы судья "мас болуп ишке келди" деп сындаган.
Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков видео чырынан кийин журналисттерге кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын айтты. Ал “Акипресс” маалымат агенттигине тасма бир жыл мурда дем алыш күнү тартылганын түшүндүрдү.
“Коронавирус пандемиясы күчөп турган учур болчу. Көпчүлүк кызматкерлер ооруп, үйүндө жаткан. Бардыгыбыз чыңалган кырдаалда иштеп жатканбыз. Азыр мен өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арызымды жаздым. Бул менин чечимим болду. Эч ким мени мажбурлаган жок”.
Оңолбеков мурда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун судьясы болуп иштеген. Ал Кыргызстандын тарыхындагы эң узак жана чуулганду апрель окуясын териштирип, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган. Анын негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга сыртынан кесилген. Ошол күнү жалпысынан 14 адамга өкүм угузган. (MiK)
"Азаттыктын" архиви: 25-июль, 2014-жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дагы караңыз
Инандыны издөө: "адам уурдоо” беренеси менен иш козголдуФутбол: Кыргызстан Монголияга жеңилдиЖК комитети Бакудагы элчиликке Осмоналиевдин талапкерлигин колдодуОсмоналиев: парламенттик шайлоо 2022-жылы жазында өтүшү мүмкүнГаага соту кыйраган малайзиялык учак ишин карап жататНасыянын эсебинен 1 млн. доза вакцина алынат