Орусия "Ачык асман" келишиминен расмий чыкты

Орусиянын президенти Владимир Путин "Ачык асман" боюнча эл аралык келишимден чыгуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул келишим 35 өлкөнүн чалгын учактарынын бири-биринин аймагында көзөмөл жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берчү.

Былтыр майда АКШ сөз болгон макулдашуудан чыгарын жарыялаган. Ошол кездеги президент Дональд Трамптын администрациясы чечимин Москва анын шарттарын бузуп жаткандыгы менен түшүндүргөн. Вашингтондун жүйөсүндө, Орусия өзү гана тааныган Грузиянын жикчил аймактарынын жанынан учууларды чектөөгө, учактарды аннексияланган Крымдын аэродромдоруна отургузууга аракеттенген.

Ал учурда Москва келишимге байланыштуу позициясын өзгөртпөйт деп билдирген. Бирок кийинчерээк орус бийлиги документти денонсациялоо демилгесин көтөрүп, аны Мамлекеттик Дума колдоп берген.