ЖК комитети Бакудагы элчиликке Осмоналиевдин талапкерлигин колдоду

Кайрат Осмоналиев

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Азербайжандагы элчилик кызматына юрист Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин колдоду.

48-жаштагы Осмоналиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп 2016-жылдан бери иштейт. Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор.

Азербайжанда Кыргызстандын элчилиги 2014-жылы ачылган. Ал эми Кыргызстанда Азербайжан элчилиги 2007-жылдан бери иштейт.

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алака тууралуу так маалымат жок. 2010-жылдары Баку-Бишкек түз аба каттамын ачуу, Бишкек шаарында Азербайжандын көмөгү менен жаңы мектеп куруу жана кыргыз-азербайжан достук паркын салуу сыяктуу бир катар долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр болгону кабарланган. (MiK)

Дагы караңыз

Осмоналиев: парламенттик шайлоо 2022-жылы жазында өтүшү мүмкүнГаага соту кыйраган малайзиялык учак ишин карап жататНасыянын эсебинен 1 млн. доза вакцина алынатУкраиналык футболчулардын жаңы формасы талкуу жараттыФарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү 10-августка чейин узартылдыКамактагы Өмүрбек Бабанов элге кайрылды