Имамназар Бурканов Баткен шаарына мэр болуп шайланды

Баткен шаарынын мэрлигине Имамназар Бурканов атаандашсыз шайланды. 7-июндагы сессияда шаардык кеңештеги 31 депутат анын талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Интернеттеги ачык булактарга ылайык, жаңы мэр Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы - Нурланбек Буркановдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун бир тууганы. Ал буга чейин "Сыйкыр топурак" жоопкерчилиги чектелген коомун башкарган.

7-июнда Жалал-Абад, Баткен баштаган 17 шаардын мэри шайланды.

Дагы караңыз

COVID-19: маркум медкызматкерлерге эстелик коюлатФутбол: коронавирустан улам Кыргызстандын дарбазачылары оюнга чыгарылган жокОрусия: оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков өлкөдөн чыгып кеттиБабановдун иши: убаданы эмне бузду? Казакстан Орусияга каяша айтты