Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары калаа мэрлигине Эрнисбек Ормоковду кайра шайлашты. 7-июндагы шайлоодо Ормоков шаар башчылыгына ат салышкан жалгыз талапкер болду. Шаардык кеңештеги 31 дептутаттын 29у сессияга катышып, бир добуштан аны колдошту.
Ормоков былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмесинде катышкан.
Былтыр октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын митинги башаламандык менен коштолуп, өлкөдө бийлик алмашкан. Ошол окуяларда айрым район-шаарлардын жана мекемелердин жетекчилери кызматын тапшырып, жаңылары дайындалган. Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев да кызматтан кеткен.
Ормоков 3-декабрдан бери мэрдин милдетин аткарып келди. (TB)
Дагы караңыз
ЕБ чек ара жаңжалында жабыркагандарга жардам беретЖапаров сот тармагындагы мыйзам долбоорлорду сунуш кылдыCOVID-19: беш бейтап каза болду, оору 362 адамдан аныкталдыБелгилүү куудул Рахман Разыков дүйнө салдыТажикстан Унжу-Булакка койгон контейнерин жүктөп кеттиКазакстан Батыштын санкциялары тууралуу Орусиянын сунушун четке какты