ЕБ чек ара жаңжалында жабыркагандарга жардам берет

Кыргызстандын жана Европа биримдигинин желектери. Сүрөт 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы сапары маалында тартылган.

Европа Биримдиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу Кыргызстанга 170 миң евро гуманитардык жардам бөлдү. Каражат "Кызыл жарым ай" коому аркылуу бөлүштүрүлүп, курман болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга даректүү жеткирилет.

Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 7-июнда кабарлагандай, Баткен облусунда жабыркаган райондордо жашаган 6000 адамга көмөк көрсөтүлөт.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык мерт болгон. Бир катар айылдарда турак-жайлар кыйрап, 160тай киши жараат алган, 40 миңден ашуун адам үй-жайын убактылуу таштап качканга аргасыз болгон.

Тажикстан 19 жараны каза болуп, үй-жайлар талкаланганын, токсондой киши жараат алганын маалымдаган.

4-июнда Чоң-Алай өрөөнүндөгү чек ара тилкесинде да чыңалуу болуп, эки өлкө сүйлөшүү аркылуу абалды жайгарган.

Дагы караңыз

Жапаров сот тармагындагы мыйзам долбоорлорду сунуш кылдыCOVID-19: беш бейтап каза болду, оору 362 адамдан аныкталдыАдамдын өнүгүү индекси: Кыргызстандын көрсөткүчү начар Белгилүү куудул Рахман Разыков дүйнө салдыКазакстан Батыштын санкциялары тууралуу Орусиянын сунушун четке какты