“Кыргызгидромет” борбору 7-июнга чейин Кыргызстанда күн ысып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 37…39 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38 градуска чейин жогорулай турганын кабарлады.
6-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө, Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунда тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 34…39;
Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 33…38;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус болот.
6-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 35…37 градус болот. (ErN)
Дагы караңыз
Беларуста телеграм-каналдын авторлору камалдыКумтөр: Камоолордун тогуз жыл мурунку төркүнүКамчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдаштыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди