Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү Баткен чек ара отрядынын 18 жаштагы катардагы жоокери (М.Д.) ок атуучу куралдан өзүн-өзү атып алганын кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жоокер милдеттүү аскердик кызмат өтөөгө быйыл жазда барган.
Окуянын себептери жана чоо-жайы иликтенип жатат. Тергөөнү Башкы прокуратуранын Аскердик прокуратурасы алып барууда.
1-июнда Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жаткан эки жоокер куралды этиятсыз колдонуудан улам жараат алышкан. Алардын бири ошол эле күнү, экинчиси 3-июнда каза болгон. Тийиштүү органдар бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. (ErN)
Дагы караңыз
Таласта кызды өлтүрүүгө шек саналган жигиттин сөөгү асылган абалда табылдыКумтөр: Камоолордун тогуз жыл мурунку төркүнүБишкекте Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын митинги уланды Чек ара кызматы: Чоң-Алайда кырдаал салыштырмалуу туруктуу