Президент Жапаровду коштоп жүргөн автоунаа кырсыкка учурап, офицер каза болду

Ысык-Көлдүн жээги

Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждин бир автоунаасы Ысык-Көл облусунда кырсыкка кабылып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) 9-кызматынын бир офицери каза болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровду коштоп бараткан автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылында каршы тилкеге чыга калган жеңил машина менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматта айтылгандай, каршыда келаткан машинанын айдоочусу мас болгон. Кырсыктан үч адам жабыркады.

Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна барары тууралуу маалымат эч жерде айтылган эмес. (МТа)

Дагы караңыз

Тажикстан Кыргызстандын элчисине нота тапшырдыКечки Азаттык (2-чыгарылыш) Кечки Азаттык (1-чыгарылыш) Чоң-Алайга учуп бараткан тик учак Ноокатта кырсыктады