"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды боюнча маселе 7-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде каралат.
31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Инандыны издөө иштери тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуу кечээ 3-июнда Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилген. Бирок белгисиз себептерден улам маселе күн тартибинен алынып салынган.
3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөргөн.
Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.
4-июнда төртүнчү күн катары менен Орхан Инандыны табуу талабы менен митинг өттү. “Сапат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Инандыны тапкандарга миллион доллар сый акы жарыялашты.
Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.
Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (МТа)
Дагы караңыз
Президенттик администрация: Азыркы мыйзам ЖКга шайлоо дайындоого жол бербейтПротасевичтин видеосу санааркоону күчөттүБишкек: ушул айда Өзбекстандан ISUZU автобустары алынып келетМайдан-Талдан табылган байыркы сүрөт