Чек ара кызматы Унжу-Булакта абал туруктуу экенин билдирди

Кыргыз-тажик чек арасы. Чек арадагы Тажикстандын аскерлери түнкү байкоого түшкөн. 04.06.2021

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы саат 14кө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагында абал туруктуу экенин билдирди.

“Тийиштүү кызмат адамдары жеринде жана абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүдө. Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Чек ара кызматынын саат таңкы 6дагы маалыматына караганда, тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайтты.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 4-июнда эртең менен Чоң-Алай районуна чукул учуп кетти. Аны менен кошо Чоң-Алайга Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдулат Мырзаев барган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы тууралуу маалымат таратты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. (MTa)

Дагы караңыз

Тажикстан: чек арачылар макулдашылган тилкеде туратКлооп: Райымбек Матраимов жаңы пентхаус сатып алдыБаткен: жаңжалдан кийинки жашооМайдан-Талдан табылган байыркы сүрөт