Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Кумтөр ишине” байланыштуу соңку камакка алуулар тууралуу билдирүү таратты.
Анда бул кылмыш иштерин саясат менен байланыштырып, саясий куугунтук катары баалоо – орунсуз экени айтылган.
“Бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу“ деген сыяктуу билдирүүлөр — орунсуз. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок. Мен бардык тараптарды сабырдуулукка чакырар элем. Чекитти тиешелүү компетенттүү органдар коюшу керек”, деп жазылат билдирүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, Тазабек Икрамов 2-июндагы парламент отурумунда депутаттарды камакка алуунун мыйзамдуулугу тууралуу маселе көтөргөн. Депутат Канат Исаев 3-июндагы парламент жыйынында “Кумтөр иши” боюнча камалган саясатчыларды үй камагына чыгарууну суранган.
31-майда "Кумтөр иши" боюнча депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров эки айга камакка алынган. 2-июнда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев эки айга камалган. (МТа)
Дагы караңыз
Инандыны табууну талап кылгандар дагы митингге чыктыКоронавирустан дагы жети адам каза болду, 383 бейтап жаңы катталдыЖурналист Бүбүкан Досалиеваны эскерүү иш-чаралары өтүп жататЧек ара кызматы: Чоң-Алайда чек арада абал чыңалып турат