Укук реформасы: адам укугу жана тобокелчилик

Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда Жазык, Жазык-процесстик, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы, Жазык-аткаруу кодекстерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоору талкууланып жатат. Анын өзгөчөлүктөрүн, адам укуктарына таандык тобокелчиликтерди “Азаттык” “Арай көз чарай” талкуулады.

Талкууга укуктук мыйзамдарды өзгөртүү боюнча эксперттик топтун мүчөсү, Башкы прокуратуранын өкүлү Азизбек Шүкүрбеков, “Адилет” укуктук клиникасынын юристи Эмил Жандаев, медиа эксперт Семетей Аманбеков катышты.

“Азаттык”: Азизбек мырза, учурда иштеп жаткан укуктук реформа жүргүзүүнүн, мыйзамдарды өзгөртүүнүн зарылдыгы эмнеде болду?

Азизбек Шүкүрбеков: Азыр иштеп жаткан кодекстер күчүнө кирген 2019-жылдан баштап прокуратура органдары эки жарым жыл иштеди. Жер-жерлерден ар кандай проблемаларды, коллизияларды топтоп, статистикалык маалыматтарды алып, анализдеп бир жыйынтыкка келдик. Азыркы иштеп жаткан Кодексте аябай көп ката болгондуктан, кылмыш-жаза процесси кыйын абалга келип калган. Ошондуктан, биз жумушчу топту түзүп, жаңы долбоорлорду иштеп чыктык.

"Азатттык: Анткен менен азыркы мыйзамдын авторлору, көз карандысыз юристтер жана жарандык коомдун өкүлдөрү жаңы редакцияда прокуратура өз укуктарын көбөйтүп алды, советтик, тоталитардык доорго кеттик деп жатышат. Чын эле прокуратура өз укуктарын көбөйттүбү? Адам укуктары жана эркиндиктери канчалык деңгээлде камсыздалган?

Эмил Жандаев: Кеңейтип алды дегенден алысмын. Укуктары ошол бойдон калган. “Адилет” клиникасы адам укугуна биринчи маани берет. Башкы мамлекеттик органдар ошонун тегерегинде иштеши керек. Жабырлануучунун да, айыпкердин да укуктары бирдей алдыңкы орунда болушу керек. Биз прокуратурабы, сотпу, тергөө органдардыбы, укуктарды өзүнө алып алышына таптакыр каршыбыз. Ошондуктан, долбоордун даярдалышына башынан бери катышып, тыгыз иштешип, сунуштарды бергенбиз.

Биз берген сунуштардын 80 пайызы эске алынды.
Бир гана прокуратура, тергөө, сот арыз-даттануулардын кароо мөөнөттөрүн узартып алды. Ошол кемчиликти биз улам айтып атабыз. Жогорку Кеңешке келгенде эске алышат деп ойлойм. Азыркы иштеп жаткан кодексте кемчиликтер көп. Мыйзам жакшы, турмушта өзүн көрсөтө алган жок.

Семетей Аманбеков: Мен юрист Сания Токтогазиеванын пикирине толук кошулам. Эмне үчүн прокуратура өзүнүн укуктарын кеңейтип алды? Бул прокуратуранын адам укуктарынын үстүнөн алган реваншы деп эсептейм. Азыр иштеп жаткан кылмыш-процессуалдык кодекс прокурордун көп укуктарына жол бербей турат. Бул кодекстин кемчилиги да, жакшы жагы да бар. Ошону толуктап, өзгөртсө болот эле. Азыр эми прокуратура өзүнө жаккыдай кылып, түп-тамырынан бери өзгөртүп алды.

Азизбек Шүкүрбеков: Биз жаңы кодексти жазып атканда адам укугун эң биринчи орунга коюп, эң биринчи баалуулук деп эсептеп, ошондой принцип менен жаздык. Мисалы, жеке ишкерлер боюнча чоң талкуулар болуп атат. Ошолорду эске алып бөгөт коюу чарасы тандалып атканда экономикалык же иш жүргүзгөн ишкердик субьекттерге карата камакка алуу колдонулбайт дегенди киргиздик. Бизнесмендерди, ишкерлери камаса болбойт деп тыюу салган өзүнчө беренени киргиздик. Азыркыда жок.

Журналист (Семетей Аманбеков-ред.) айтып атат, ишти козгоону же козгобоону тергөөчү өзү билет деп. Андай болбойт. Ар бир арыз катталып, ар бир арыз боюнча толук кандуу текшерүү жүрөт. Кылмыштын белгилери болсо иш козгойт.

Азыркы кодекстер боюнча прокурор эң негизги айыптоочу болуп эсептелет. Прокуратуранын астында тергөөчүлөр ар бир кыймыл-аракетин прокурордун макулдугу менен кылат. Биз аны өзгөрткөн жокпуз. Тергөөчү далилдерди топтосо ишти козгойт, прокурордун макулдугунун кереги жок. Андан кийин прокуратурага алып келет. Анын негизинде прокуратура сотко жиберүү, ишти кыскартуу же ишти кайра тергөөгө жөнөтүү жагын чечет.

Семетей Аманбеков: Прокурор (Азизбек Шүкүрбеков-ред.) камакка бизнесмендер алынбайт деп, бирок, башка жерин айтпай атат. Мисалы, эки-үч кылмыш иши болуп, анын бири боюнча үй камагына чыгарылса, экинчи иш болуп калса эң катаал чара көрүлүшү, камакка алынышы керек деп атат. Ушул дагы гуманизациябы?

Дагы бир тобокелчилик - оор кылмыштар боюнча топтошуп зордуктоо, катуу сабап салуу, кыйноо боюнча кармалгандардын бардыгы шарттуу мөөнөт менен чыгып кетсе болот. Экинчиден, ала качуу эми жабырлануучунун айыбы менен эле козголот экен. Аны коркутуп, "сен жазбайсың" деп койсо козголбой калат.

Прокуратуранын укуктары боюнча. Конституция менен укуктарын кеңейтип алган. Тергөөдөн башка менчиктин түрүнө карабастан, ишкананын каржысына, чарба субьектисине көзөмөл кыла алат. Дагы, бүгүнкү бизнес форумда айтылды, салыкты плансыз текшерүүнү Кылмыш кодексине киргизип коюптур. Бул укуктарын кеңейткендик эмеспи?

Эми 151-берене боюнча. Мурдагы мыйзамда журналисттерди коргоо боюнча журналисттик ишмердикке тоскоолдук кылуу деген бир эле берене болчу. Аны азыркы кодексте “жоруктарга” түшүргөн. Эми болсо беренени Административдик укук бузуулар кодексине киргизип коюптур.

Санкциялар ошол бойдон калды деп атышат. Ал жалган. Санкцияларын, айыптарын ылдыйлатты. Чиновниктер тоскоолдук кылса иштен бошотуп, үч жылдан беш жылга чейин кызматын кайра аткарууга укуксуз деген мурдагы жобону алып салышты. Эми чиновниктер айыбын төлөп коюп, бизди эч жакка киргизбей, маалымат бербей, кол салып, камерабызга тарттырбай койсо болот экен. Ошон үчүн мен сурандым. Башкы прокурор сунушту жазып берсеңер, мүмкүн талкуулайбыз деди. Ошону аткаруу үчүн медиакоомчулуктан кол топтоп атабыз.

Талкуунун видео версиясын бул жерден толук көрүңүз: