HRW Азимжан Аскаров боюнча катуу талап коюуга ЕБди чакырды

Азимжан Аскаров.

Human Rights Watch уюму Евробиримдиктин жетекчилигин Кыргызстандын бийлигине Азимжан Аскаровду актоо боюнча катуу талап коюуга чакырды.

Уюмдун сайтындагы билдирүүдө Аскаров тууралуу кыргыз соттору жана бийлигинин адилетсиз чечимдерине карата нааразылыктар жазылган.

"4-июнда Брюсселде өтчү эл аралык "Бир дүйнө" фестивалынын алкагында Азимжан Аскаровдун аялы Хадича Аскарованын катышуусу менен Марина Шупак тарткан "Адилеттүүлүктүн акыркы шансы" аттуу даректүү тасма көрсөтүлүп, андан соң талкуу болот. Талкууга Европа биримдигинин адам укугу боюнча башкы комиссары Эйсон Гилмор, Европарламенттин вице-президенти жана Борбор Азия боюнча атайын кеңсесининин өкүлү Хайди Хаутала катышат. Ошол эле күнү Евробиримдик кыргыз бийлигинин айрым өкүлдөрүнө жолугат. Бул жолугушууда Еврошаркеттин өкүлдөрү президент Садыр Жапаровдун администрациясынан Азимжан Аскаровго коюлган соттук чечимдерди жокко чыгарып, үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүнү талап кылышы керек" деп белгиленген анда.


Аталган уюм Евробиримдик менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташтыгын аныктоодо Аскаровдун иши өтө маанилүү экенин билдирди.

2010-жылдагы июнь коогасында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болгон.

Евробиримдик буга чейин кыргыз бийлигин Аскаровдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырган. (BCh)

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Канада "Кумтөр" маселесин талкууладыКудайбергенов: Өзбекстандан 350 автобус алынышы мүмкүнДин иштери боюнча комиссиянын башчысы үчүнчү ирет алмаштыПарламентте мэрия жетекчилигине сын айтылды Бактыбек Кудайбергенов: маршруттук таксилер маселеси чечиле элек