Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алып, билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү талкуулады. Президент мектептерге руханий адеп-ахлакты өнүктүрүү сабактарын киргизүүнү тапшырды.
“Негизги баалуулуктарды, руханий багыт жана ишенимдерди калыптандыруу үчүн жогорку адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоонун принциптерин жана жолдорун ачууга жардам бере турган руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл”,- деди Садыр Жапаров.
Өлкөнүн жаңы Баш мыйзамында моралдык жоопкерчилик, адеп-ахлак тууралуу жобо киргизилген. Конституциянын 10-беренесинде "өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн", деп жазылган жана бул өз кезегинде коомчулукта талаш-талкуу жараткан(МТа)
Дагы караңыз
Тажикстан менен Пакистан коргоо жаатында кызматташатБардык бийликтин "ачкычын" тапкан Акылбек ЖапаровБөлтүрүк: Мындан ары "Кумтөргө" ишке орношуу ачык жүрөтБишкек: Кайра шайлоого катышуу ниетин тогуз партия билдирди