4-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолорунда кар жаашы мүмкүн. Баткен, Талас облустарында, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 32…37;
Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.
Дагы караңыз
Өкмөт үйүнүн алдында "Атайын байланыштын" мурдагы кызматкерлеринин акциясы өттүКыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу 60-65 машина кезекте туратCPJ ЕБди Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөө маселесин көтөрүүгө чакырдыБейшеналиев: эмделген гана туристтер өлкөгө киргизилет деген туура эмес