Бейшеналиев: эмделген гана туристтер өлкөгө киргизилет деген туура эмес

Алымкадыр Бейшеналиев

Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөн коронавируска каршы эмделген гана туристтер келет деген маалымат туура эмес экенин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Азыр туристтер келсе 3 күндө тапшырылган ПЦР тест менен келиш керек. Андан тышкары аэропортко жана башка жерлерге бир саатта жыйынтыгы чыккан экспресс тест коюп жатабыз", - деди Бейшеналиев.

Буга чейин Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинни директорунун орун басары Кыял Кенжематова Кыргызстанга коронавируска каршы эмделген чет элдик туристтер келе алат деп маалымат тараткан.

2020-жылы пандемиядан улам Кыргызстандагы туристтик сезон үзгүлтүккө учураган. Туризм департаменти быйыл аба жолдорунан тышкары кара жолдор аркылуу да туристтерди кабыл алуу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын билдирген.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 3-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен тогуз адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкекте, төртөө Чүйдө катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1830 адамга жетти. (МТа)

Дагы караңыз

"Коопсуз шаар": "Вега" компаниясына нааразы адамдар акцияга чыктыБишкекте кичи автобус айдоочуларынын иш таштоосу улануудаТабышмактуу жагдайда жоголгон Инанды табыла элекИнандыны таап берем деп 50 миң доллар алдап кеткен жаран кармалды