Бишкекте өлкөнүн маалымат саясаты боюнча концепция талкууланып жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өлкөнүн маалымат саясаты боюнча концепция иштелип чыгууда. Анын долбоору бүгүн 3-июнда Бишкекте талкууланып жатат.

“Маалымат саясаты боюнча концепцияны иштеп чыгуу: мамлекеттин жана медианын диалогу” деп аталган талкууну Европа Биримдигинин “Медиа Диалог” долбоору Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлик менен биргеликте уюштурду.

2021-2025-жылдарга эсептелген концепциянын негизги максаты – Кыргызстандын маалыматтык эгемендигин камсыз кылууга, медиасекторду өнүктүрүүгө, сөз эркиндигин коргоого жана пикирлердин ар түрдүүлүгүнө шарт түзүү экени айтылды.

Концепциянын долбоорун алты ай бою медиауюмдар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук жана бизнес уюмдар, билим берүү мекемелери чогуу иштеп чыгышты.

Бүгүнкү талкууда COVID-19 пандемиясына жана кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу жаралган өңүт да эске алынууда.

Кыргызстанда маалыматтык саясат боюнча мамлекеттик документтер буга чейин да болгон. Алар бийликтин, коомдун жана маалымат индустриясынын ортосундагы мамиле менен кызматташтыкты жөнгө салат.

Дагы караңыз

Депутат Исаев камалган саясатчыларды үй камагына чыгарууну сурандыCOVID-19: Дагы тогуз адам каза болду, 371 бейтап жаңы катталдыАнжиян-Ош шаарлары ортосунда каттам жандандыЖогорку Кеңеште коомдук транспорттун маселеси көтөрүлдү