Маршруттук таксилер бүгүн да ишке чыккан жок

Бишкектин маршруттук каттамы.

Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин айрым каттамдары ишке чыккан жок.

Алар эки күндөн бери жол кирени көтөрүү талабы менен иш таштап жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жүргүнчү ташуу милдетин алган менчик фирмалар менен калаа башчылыгы кечээ түнгө чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азырынча анын жыйынтыгы кабарлана элек.

Бишкек шаардык мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов сентябрь айында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси чечилиши мүмкүн экенин билдирди.

Шаардагы троллейбустардын иштөө тартиби узарып, таңкы саат 5:40тан түнкү 23:00 чейин эл ташууда.

Башкалаа жетекчилиги “Ала кет!” флешмобун баштап, айдоочуларды жолдо калган атуулдарды салып кетүүгө үндөп жатат.

Шаардагы райондордун акимчиликтери акысыз транспорт уюштуруп, жаңы конуш, микрорайондордун тургундарын ташууда.

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. (BCh)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иш таштаган айдоочулар, мэрияга талап

Дагы караңыз

Израилде экс-президенттин уулу мамлекет башына келдиТегерандагы мунай заводдо өрт чыктыТүркия: Кримтөбөл бийликтин чуусун чубай баштады "Кумтөр иши": үлкөндөр камалдыМигранттардын сөөк жөнөтүү түйшүгү жеңилдеди