Саясатчы Ицхак Херцог Израилдин 11-президенти болуп шайланды. 2-июнда өлкө парламенти-Кнессеттин 120 депутаты жашыруун добуш берүү аркылуу 60 жаштагы Херцогду тандашты.
Ал Израилдеги Лейбористтик партиянын мурдагы төрагасы жана оппозиция лидери болчу. 2013-жылы өткөн парламенттик шайлоодо азыркы өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхуга атаандаш болуп чыккан.
Атасы Хаим Херцог дагы 1983-1993 жылдары Израилдин президенти болгон. Ал эми жакын тууганы Абба Эбан Израилдин биринчи тышкы иштер министри жана БУУ менен АКШдагы атайын чабарманы болуп иштеген.
Израил парламенттик мамлекет болгондуктан, премьер-министр башкарат. Президенттин ыйгарым укуктары кыйла чектелген.
Дагы караңыз
Валерий Кичинге “Даңк” медалы ыйгарылдыЖарандыкка байланыштуу даттануулар көбөйдүМэрия: жол кире маселеси сентябрда чечилиши мүмкүнМилиция Инандыны табууну талап кылгандар менен жолукту