Ажырашуулар боюнча Бишкек биринчи орунга чыкты

Кыргызстандагы тойлордун бири.

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-май айларында 19 498 жуп расмий никеге катталышты.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Аймактарга бөлүп эсептегенде, эң көп никелешүү Ош облусуна туш келет. Беш айдын ичинде бул аймакта 4092 жуп үйлөндү.

Эң көп ажырашуулар Бишкекте катталды. Январдан бери эки ача жолго түшүү арызы менен расмийлерге 897 кайрылуу келген.

2020-жылы күчүнө кирген "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзам боюнча өлкө атуулдары жашаган жери боюнча каттоосуна карабай, каалаган жеринде никеге туруп, ажырашууну да каттата алышат.

Расмий маалыматтарга караганда, ажырашуу фактылары жылдан жылга көбөйүүдө. 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, 2019-жылы бул сан 10 миң 995ге жетип, 561ге арбыган. (BCh)

Дагы караңыз

Орхан Инанды табышмактуу жагдайда жоголду | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 1.06.21Мурдагы премьер Өмүрбек Бабанов эки айга камакка алындыКедейчилик кендирин кескен балалыкТажикстан - Пакистан алакасындагы "Талибан" фактору АКШ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалууну азайтуу аракеттерин колдоду