Жашылча-жемиш базарын анализдеп келген EastFruit басылмасы 2021-жылы Өзбекстан өрүк экспортун дээрлик токтотконун жазды.
Буга быйыл жазында өрүктү үшүк алып кеткени себеп болду. Жыйынтыгында Өзбекстандагы өрүк бактарынын 60-65% мөмө байлабай калган. Мындан улам Ташкент өрүктү Тажикстандан арзан баада импорттоп жатат.
Басылманын маалыматына караганда, 2020-жылы Өзбекстанда 74,5 миң тонна абрикос жыйналган. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болгон.
Былтыр Өзбекстан дүйнөдө абрикос экспорту боюнча Испаниядан кийинки эле экинчи орунга чыккан. Испания 2020-жылы 96 миң тонна өрүктү сыртка саткан.
EastFruit басылмасынын эксперттери 2021-жылы өрүк экспорту боюнча Түркия дүйнөлүк лидерге айланарын боолгоп жатышат.
Дагы караңыз
Ташиев: Кумтөргө байланыштуу соңку камоолордо саясий куугунтук жок (видео)“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам боюнча макулдашуу тобу түзүлүүдөИрандын ири аскердик кемеси Оман булуңунда чөгүп кеттиКара-Кулжада Асылбек Жээнбековду колдогон митинг башталдыКытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акцияга балдар да кошулду