Ош облусунун Кара-Кулжа районунда "Кумтөр иши" боюнча камалган депутат Асылбек Жээнбековдун эки жүздөн ашуун тарапташы митингге чыкты.
Алар Асылбек Жээнбековду камактан бошотууну, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылууда.
"Ал ушунча жыл так иштеп, эки жолу спикер болду. Кумтөр Акаевдин учурунан бери келатат да”,- деди митингге чыккандардын бири Тентимиш Токторов.
Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал Кумтөргө байланыштуу 31-майда эки айга камакка алынды.
Атайын кызмат бир нече аткаминерлерге Кумтөр ишинен улам айып койду.
Козголгон кылмыш ишинин негизинде 31-майда Асылбек Жээнбековдон сырткары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул ишке байланыштуу күбө катары көрсөтмө берип чыккан. (МТа, DUu)
Дагы караңыз
ДССУ Кытайдын "Sinovac" вакцинасын жактырдыТүркия: Кримтөбөл бийликтин чуусун чубай баштады Ташиев: Кумтөргө байланыштуу соңку камоолордо саясий куугунтук жок (видео)Миграция кесепети - кор болгон балдар