ДССУ Кытайдын "Sinovac" вакцинасын жактырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кытайдын "Sinovac" компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын колдонууга уруксат берди. Бул эл аралык уюм жактырган экинчи кытай вакцинасы.

1-июнда таратылган билдирүүдө уюм вакцинанын эки дозасынан кийинки натыйжалуулугу 51% түзөрү аныкталганын билдирген. Ошону менен катар бул препаратты сыноого бир нече улгайган адам катышкандыктан, анын 60 жаштан жогоруларды вирустан сактай аларына баа бере албай турганы жазылган.

Буга чейин ДССУ "Pfizer/BioNTech", "Moderna", "Johnson&Johnson", "AstraZenecа" жана кытайдын "Sinopharm" вакцинасын каттаган.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 80 миңден ашуун адам өттү. Алар орустардын "Спутник V" жана "Sinopharm" вакциналарын алышты.

Дагы караңыз

Инандыны табууну талап кылгандар өкмөт үйүнүн алдына бардыТашиев: Кумтөр боюнча керек болсо мурдагы президенттерди да жоопко тартабыз (видео)““Гүлен фактору” кыргыз-түрк алакасына таасир этпейт"Шаардык кеңеш коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү маселесин карайт