Кара-Кулжа районунун Бий-Мырза айылында Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Асылбек Жээнбековду колдоо штабы түзүлдү. Бул тууралуу райондук адмнистрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-июнда Кара-Кулжа районунун борборунда 100дөн ашуун жарандын катышуусунда тынчтык митинги болуп, акциянын катышуучулары район жетекчилиги менен жолугушкан. 2-июнь күнү да митинг өткөрүү боюнча Кара-Кулжа райондук адмнистрациясына билдирүү келип түшкөн. Мындан сырткары район борборуна боз үй тигүүгө да уруксат алышкан.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев 2-июнда Кара-Кулжа районунда митингге адамдар чогулбаганын айтты.
"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, азыр район борборунда чогулган адамдар жок.
Жээнбеков 31-майда кармалып, эки айга камалган. Ал“Кумтөр иши” боюнча айыпталууда. (DU/MrA)
Дагы караңыз
Ташиев: Кумтөр боюнча керек болсо мурдагы президенттерди да жоопко тартабыз (видео)Президенттик администрация башчысынын орун басары алмашты““Гүлен фактору” кыргыз-түрк алакасына таасир этпейт"Түркия: Кримтөбөл бийликтин чуусун чубай баштады Мажитов мекенине кайтарыла элек