Садыр Жапаров шайлоого мыйзамсыз таасир этүүгө жол берилбесин эскертти

Садыр Жапаров жана Таалайбек Сарыбашов.

Алдыда боло турган жергиликтүү кайра шайлоого муниципалдык же башка мамлекеттик кызматкерлер таасир этүүгө аракет кылса аларга кескин түрдө бөгөт коюлат. Бул тууралуу 2-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алганда президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен катар кээ бир шаарларда өтө турган жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо өнөктүгүнө көңүл бурулду. Жапаров шайлоого таасир этүү үчүн жасалган бардык мыйзамсыз аракеттерге кескин түрдө бөгөт коюларын баса белгилеп, ушундай эле талаптар Бишкек жана Токмок шаарларына дагы коюларын эскертти.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү шайлоолор өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган жана кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (RK)

Дагы караңыз

Кумтөр: экс-депутаттар Пирматов менен Узакбаев эки айга камалдыЕБ: Кыргызстандын жазык-укук реформасы адам укуктарына кооптууБишкекте жазык-укук кодекстеринин жаңы долбоору талкууланууда Инандыны табууну талап кылгандар дагы түрк элчилигинин астына чыкты