Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады

Бишкек. 2-июнь, 2021-жыл.

Бишкекте бүгүн, 2-июнда шаар ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары иш ташташты.

Бул тууралуу "Азаттыкка" мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева кабарлады.

Эки күн мурда маршруттук каттамдардын жеке фирмалары мэрияга барып, иш таштай турганын билдиришкен. Алар менен шаар башчылыгынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүүлөр жүргөн.

"Маршрутка айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда. Бирок мэрия бул багытта экономикалык жагын эсептеп чыгып, атайын көзөмолдөөчү документти иштеп чыкты. Өкмөт, Экономика жана финансы министрлиги менен макулдашылгандан кийин гана чечим чыгат. Калаадагы элдин кыймылыны убактылуу токтотпоо тууралуу келишимде жазылган. Кокус алар муну аткарышпаса жоопко тартылышы мүмкүн".

Жөө калган жүргүнчү, токтогон маршрутка

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. (BCh)

Дагы караңыз

Беларуста активист сотто өзүнө кол салдыӨмүрбек Бабановдун тарапташтары соттун алдына чогулдуСкотт Перри: "Кумтөрдү" иштетүү жолдорун талкуулоого даярбызКумтөр: Кутулгандар жана тутулгандарКоомдук ишмерлер Орхан Инанды тууралуу бийликке кайрылдыЖөө калган жүргүнчү, токтогон маршрутка