Кумтөр: Текебаев Исаков кол койгон документтин кесепетин айтты

Өмүрбек Текебаев. 2019-жыл

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 2017-жылы Суу кодексине киргизилген өзгөртүү жана экологиялык доодон баш тартуу тууралуу документ Кыргызстанды эл аралык сотто тушай турганын билдирди. Ал мындай пикирин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө айтты.

"Экологиялык доо коюп "Кумтөр голддон" үч миллиард доллар утуп алдык. Бирок, эл аралык сотто биздин абалды начарлаткан бир жагдай бар. Бул 2017-жылы Суу кодексине жана Суу мыйзамына "Кумтөр голд" компаниясы мөңгүнү талкалай берсе болот деп мыйзамга өзгөртүү киргизип койгонбуз. Депутаттарды зордогон, өкмөт киргизген, президент кол койгон. Бул кылмыштуу мыйзам. Биз ал мыйзам менен ошол кезге чейин талкаланган мөңгүлөргө уруксат берген адамдардын кылмышын кечип койдук. Ошол эле жылы Сапар Исаков "Центерранын" мурдагы дагы, кийинки дагы зыяндарына доо коюудан баш тартабыз деп, кол коюп койгон. Мына ушул документ эл аралык сотто бизге каршы иштейт. Ага жооптуу адамдардын күнөөсүн мамлекет так аныкташ керек".

2017-жылы жогорудагы кодексттер кабыл алынып, документке кол коюлган учурда Алмазбек Атамбаев президент,
Сапар Исаков премьер-министр болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Кумтөр ишинин" алкагында бир катар аткаминерлерди кармап жатат.

31-майда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков эки айга камалды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты.

УКМК кармалган мурдагы жана азыркы аткаминерлерге Кумтөр ишине байланыштуу айып койду. Буга чейин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин ишмердигин иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен эле. (МТа)

Дагы караңыз

Орхан Инанды табышмактуу жагдайда жоголду Текебаев: соңку камоолорду эл аралык сотко даярдык катары кароо керек (видео)Орусия: Ходорковскийдин тарапташы учактан кармалдыКрым татарларынын лидери Чубаров сыртынан кесилди