Былтыр 5 миңден ашуун бала асыроого берилди

Иллюстрация.

Кыргызстанда 2020-жылы 1900 бала ата-энесинин багуусуз калган. Анын ичинен 674 бала томолой жетим. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2020-жылдын аягында ата-энесинен башка үй-бүлөнүн багуусунда 13 900 бала болгон, анын ичинен 5400 бала томолой жетим. 8300 бала туугандарынын же жакындарынын багуусунда болсо, 5600 бала асыроого берилген.

2020-жылдын ичинде ата-энеси багуудан баш тарткан 18 жашка чейинки курактагы 1900 бала жана өспүрүм табылган, анын ичинен 674ү - томолой жетим.

2020-жылы 1 263 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тарбиялануусуна алынган, алардын ичинен 643 баланы - кыргыз үй-бүлөсү, жети баланы – чет өлкөлүк жарандар багып алган.

Ата-энесинен бөлөк үй-бүлөдө багылып жаткан эркек балдар көбүрөөк.

2020-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернаттарда ата-энесинин кароосу жок калган 2 миңге жакын жетим бала жашаган. (МТа)

Дагы караңыз

Коронавирустан дагы жети адам каза болду, 382 бейтап жаңы катталдыБишкек шаардык соту Молдокматовду абакта калтырдыАэропорттогу тажик жарандары мекенине кайтарылдыМурдагы депутат Максат Сабиров сурак берип чыкты