Майыптыгы бар балдардын саны 32 миңден ашты

Иллюстрация.

Кыргызстанда 32 миңден ашуун майып бала бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети тараткан маалыматта айтылат.

18 жашка чейинки балдар ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы адамдардын 16,5% түзөт.

Статистикага ылайык, жыл сайын төрт миңдей балага майыптык макамы берилет.

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта майып балдарды карагандарга айына 4900 сом өлчөмүндө айлык төлөнө баштаган. Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен бир жылга 420 миллион сомдун тегерегинде акча каралган.

Учурда төрт миңдей гана майыптыгы бар баланы карап-баккандарга акча төлөнүп жатканы маалым болду. (МТа)

Дагы караңыз

Милиция: Орхан Инандыны издөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдүБабанов камалып, Жээнбеков, Зулпукаров УКМКда | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 31.05.21УКМК Момбеков суракка чакырылганын төгүндөдү Улуттук банк: Экономикада позитивдүү белгилер байкала баштады