Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) "Кумтөр иши" боюнча сурак берип чыкты.
Ал 2012-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгонун, күбө катары сурак бергенин билдирди.
УКМК «Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койду.
31-майда "Кумтөр иши" боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты. (МТа)
Дагы караңыз
УКМК Момбеков суракка чакырылганын төгүндөдү Улуттук банк: Экономикада позитивдүү белгилер байкала баштадыТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Милиция: Орхан Инандыны издөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү