Кыргызстандын экономикасында алгачкы позитивдүү белгилер байкала баштаганын Улуттук банк 1-июнда кабарлады.
Өлкөнүн башкы банкы эсептик ченди 6,5% деңгээлинде калтыруу тууралуу чечим кабыл алынганын, дүйнө жүзүндө жана Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык активдүүлүк, соода-логистикалык жолдор калыбына келгени байкалып жатканын билдирди.
“Кыргызстандын экономикасында активдүүлүк акырындап калыбына келишинин алкагында алгачкы позитивдүү белгилер байкалууда: 2021-жылдын январь-апрель айларында “Кумтөрдү” эске албаганда реалдуу ички дүң өнүм 1,1% түздү” деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.
Эсептик чен – башкы банктын коммерциялык банктарга насыя берүү чени. Бирок ал Кыргызстанда дээрлик иштебей турганын адистер белгилеп келишет.
2020-жылы Кыргызстанда экономиканын төмөндөшү 8,6% болгонун Улуттук статистика комитети жарыялаган. Коронавирус пандемиясына байланыштуу былтыр экономикалык ишмердүүлүккө бир топ убактылуу чектөөлөр киргизилген. (RK)
Дагы караңыз
Милиция: Орхан Инандыны издөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдүЖеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып жататЖээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары бүгүн митингге чыгары айтылды"Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болууда