Тышкы иштер министри Тажикстандын элчисин кабыл алды

Бишкек. 31-май, 2021-жыл.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Назирмад Ализоданы 31-майда кабыл алды.

Бул жолугушуу тажик дипломатынын өтүнүчү менен болгон.

Анда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Эки өлкөнүн чек арага жакын жайгашкан калктуу аймактарында тынчтыкты коргоо, дипломатиялык, достук мамилелерди чыңдоо керектиги, Тажикстан жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнө байланыштуу маселелер сүйлөшүлдү.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгогон.

21-майда Кыргызстан Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын аймагына киришине, кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана транзит аркылуу өтүшүнө убактылуу чектөө киргизген. (BCh)

Дагы караңыз

Британия ооган кызматкерлерин чыгарып кетүүнү тездететКытай Кыргызстанга ун, шекер жана өсүмдүк майын берет Бабанов кармалды, Жээнбеков менен Зулпукаров 2 айга камалдыМурдагы депутат Исхак Пирматов камалганы кабарландыОрусия: эң начар ажаатканалар боюнча сынактын жыйынтыгы чыкты