Аялдар абагындагы балдарга майрам уюштурулду

Аялдар абагындагы чакан майрам.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 аялдар колониясында чакан майрам уюштурулду.

31-май күнү жабык жайдын ичиндеги балдар үйүндө тарбияланып жаткан жети балага белектер таратылды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Абакты көзөмөлдөгөн тартип сакчылары жана бул кызматтын ардагерлери 1-июнга карата балдарга жана алардын энелерине кийим-кечек, тамак-аш, самын, тазалык каражаттарын, оюнчуктарды беришти.

Аялдардын колониясындагы балдар үйүндө үч жашка чыга элек төрт бала жана үч өспүрүм кыз бар. (BCh)

Дагы караңыз

Бабановдун адвокаты анын кармалышы боюнча билдирүү таратты Аба ырайы: бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүнЭкс-премьер-министр Игорь Чудинов УКМКга суракка кирдиМаалымат тууралуу мыйзам долбоору кайра жазылатБаткенде аткезчилик аракеттери аныкталдыКумтөр: Өмүрбек Бабанов кармалды