Уу коргошун: лабораториялык изилдөө тууралуу бүтүм чыга элек

Уу коргошун тундурмасы.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда уу коргошунду колдонуп жүргөндөргө жолугуп сүйлөшөрүн билдирди.

Бул тууралуу ал 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Министр уу коргошунду лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканын, бирок корутунду алуу максатында илимпоздорго жөнөтүлгөнүн билдирди.

“Биз уу коргошунду 300-400дөй адамга клиникалык изилдөө өткөрдүк. Уу коргошундун дозасын бергенде эң жакшысы, иммунитетти көтөрөт экен. Коронавирус менен ооругандар жөтөлгөндө какырыкты чыгарат экен. Биз уу коргошунду лабораториялык изилдөөдөн өткөрдүк. Анын жыйынтыгын алыш үчүн чоң профессор-академиктерге кайрылдык. Алардын жообун күтүп атабыз”.

Депутаттар уу коргошунга байланыштуу лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу окумуштууар бир бүтүмгө келе электе эле аны коомчулукка жарыялап, пропаганда кылганы үчүн министрди сынга алышты. Ушундан улам аны иштен кетирүү маселеси дагы бир жолу көтөрүлдү.

Апрель айында Бейшеналиев коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин билдирген. Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерге дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Бул окуядан кийин парламентте аны кызматтан алуу демилгесин көтөрүлүп, ал ишке ашкан эмес. Депутаттар Бейшеналиев президенттин жакын адамы экенин жана ага таянып парламентти көзгө илбей, жыйындарга келбей жатканын айтышты. Министр болсо келе албай калганын кызматтык ишине байланыштырды. (BTo)

Дагы караңыз

Нышанов: саламаттык сактоо министри же парламент кетиши керек"Биримдикке" акча топтогон Соцфонддун экс-жетекчилери соттолдуЭки мөңгүнү эңшерген эсеп, жабылган кылмыш иши Экс-депутат Сергей Ибрагимов мамлекетке 100 миллион сом төктүҮч шаардагы кайра шайлоо, чачылган каражат БШК Нурбек Мурашевге депутаттык мандат тапшырды“Коопсуз шаар”: айып пулдан эки миллиарддай сом чогулду