БШК Нурбек Мурашевге депутаттык мандат тапшырды

Нурбек Мурашев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-майда Исхак Пирматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын мандатын Нурбек Мурашевге берди.

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Пирматов партиянын шайлоо астындагы ички келишимине ылайык мандатын өткөрүп бергенин билдирген.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

Мурашев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2016-2019-жылдары айыл чарба министри болуп иштеп турганда картошкасын сата албай калган дыйкандардын сын-дооматына кабылган. (BTo)

Дагы караңыз

Экс-депутат Сергей Ибрагимов мамлекетке 100 миллион сом төктү“Коопсуз шаар”: айып пулдан эки миллиарддай сом чогулдуCOVID-19: беш бейтап каза болду, илдет 174 кишиден аныкталдыБорбордук Африка Республикасы: кол салууда беш адам мүрт кеттиҮч шаардагы кайра шайлоо, чачылган каражат Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн эки партия арыз бердиБишкек-Дүйшөмбү: алаканы сынаган бир ай