Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 31-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен беш бейтап көз жумду. Бишкек шаарында төрт жана Ысык-Көл облусунда бир адам.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1 808 кишиге жетти.
Вирус акыркы бир суткада дагы 174 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 104 729 кишиге жетти. Андан 98 544 адам айыкты.
Ушул күндөрү 1 696 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен 94 адамдын абалы өтө оор, 446 кишиники оор деп бааланууда.
Акыркы бир суткада 11 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4 663 учур катталды, алардын ичинен 4 577 сакайды (BTo)
Дагы караңыз
Үч шаардагы кайра шайлоо, чачылган каражат Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Орусия түбөлүк өнөктөштөр Нарында карыяны “өлтүрөбүз” деп коркуткандар кармалдыБишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн эки партия арыз бердиБишкек-Дүйшөмбү: алаканы сынаган бир ай