Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, кызылча менен сабиз Кыргызстанда 2020-жылдан бери эки эсе кымбаттады.
Аталган мекеме өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча анализ жүргүзүп, 2021-жылдын май айында кызылчанын орточо баасы 60 сомдон ашып, 2020-жылдын май айына салыштырмалуу эки эсеге өскөнүн аныктады.
Былтыр бир килограмм кызылча 28 сомдон сатылып жаткан.
Сабиздин бир килограммынын орточо баасы 45 сомдон ашык, айрым шаарларда 60 сомго чейин жетти.
Токтогул районунда кызылча 100 сомго чыкты.
2020-жылдан бери азык-түлүк, курулуш материалдары бир нече эсе кымбаттаган. (BCh)
Дагы караңыз
Нарында карыяны “өлтүрөбүз” деп коркуткандар кармалды"Кыргызстан оңолбогондо кайда кетмек эле?"Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн эки партия арыз бердиМосква Түркмөнстандын көңүлүн ала баштадыБишкек-Дүйшөмбү: алаканы сынаган бир ай