Бишкектеги 35 жаңы конуштун көчөлөрүнө 4 535 лампа жыл аягына чейин орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Азыркы тапта "Бишкек свет" муниципиалдык ишканасы Октябрь районуна караштуу Алтын-Ордо, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас аттуу конуштардын көчөлөрүндөгү жарыктандыруу системасын жаңылап жатат.
Биринчи май, Свердлов районуна караштуу дагы бир нече жаңы конуштун көчөлөрү жарыктандырылат.
Жыл аягына чейин жалпы 11 жаңы конуштун көчөсүнө жарык берилмекчи. Көчөлөргө электр лампаларын орнотуу иши 2020-жылы башталган.
Бишкекте 48 жаңы конуш бар, анда 300 миңден ашуун калк жашайт. (BCh)
Дагы караңыз
"Комиссар Каттанинин" кол тамгасы жана насааты Нарында карыяны “өлтүрөбүз” деп коркуткандар кармалдыБишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн эки партия арыз бердиМосква Түркмөнстандын көңүлүн ала баштады