“Челси” клубу Чемпиондор лигасынын финалында жеңишке жетти

“Челси” клубунун оюнчулары Чемпиондор лигасынын финалында жеңишке жеткенден кийин.

Португалиянын Порту шаарында 29-майда өткөн Чемпиондор лигасынын финалында англиялык “Челси” клубу англиялык дагы бир “Манчестер сити” футбол клубун 1:0 эсебинде утту.

Беттештеги жалгыз голду оюндун 42-мүнөтүндө жарым коргоочу Кай Хаверц киргизди.

“Челси” ушуну менен экинчи ирет Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду. Клуб бул мелдешти биринчи жолу 2012-жылы уткан.

“Манчестер сити” клубу Чемпиондор лигасынын финалында биринчи жолу ойноду.

Чемпиондор лигасы - Европа футбол биримдигинин ири клубдук турнири.

Дагы караңыз

УКМК Сегизбаев пневмония болуп ооруканага жаткырылганын ырастадыИИМ: Маңзат бизнесине аралашкан милиционер кармалдыМедакадемиянын ректору шайланды Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөтCOVID-19: Европада өспүрүмдөрдү да эмдөөгө жол ачылды