Өзбекстан: Нукуста пенсия маселесинен улам жол тосулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда, Каракалпакстан республикасынын борбор шаары Нукуста пенсия маселесине байланыштуу нааразылык акциясы өттү.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, 27-майда он чакты аялдан турган топ шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирин тороп, жол кыймылын убактылуу үзгүлтүккө учуратышты.

Нукус шаарынын администрациясы билдиргендей, нааразы тургундар пенсия жана жөлөкпул төлөө бир нече күнгө создукканына каршы чыгышкан. Акчанын кармалышына “Социалдык коргоо боюнча бирдиктүү реестр” маалымат системасындагы мүчүлүштүктөр себеп болгон.

Техникалык проблема чечилгенден кийин акча ошол күнү төлөнүп берилген. (RK)

Дагы караңыз

30-майдын аба ырайыЭрдоган Стамбулда үчүнчү ири мечит ачтыCOVID-19: Европада өспүрүмдөрдү да эмдөөгө жол ачылды АКШ Беларуска каршы жаңы санкция жарыяламай болду